Баткенде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жубайларды колдоо марафону өттү

Баткен шаарынын жашоочулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жубайлар Элмурат Гаипов менен Кундуз Маматовага көмөк көрсөтүү максатында кайрымдуулук марафону өттү. Иш-чарага аймактагы мекеме-ишканалар, кайрымдуулук кылууну каалаган жарандар катышып, өздөрүнүн жардамдарын беришти.

Муфтияттан кабарлашкандай, марафонго облустук мусулмандар казыятынын атынан казынын орун басары Нурдин Мамасабиров катышты.

Ал кайрымдуулук көрсөтүүнүн пайдалары туурасында айтып берди.

"Кундуз Маматованын буту жакшы баспайт, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Ал эми жолдошу Элмурат Гаипов баса албайт. Андыктан үй жыйнап, тамак бышыруу үчүн бул жубайлар бир топ көйгөйгө дуушар болуп келишкен. Оор турмуштун айынан жубайлар жөлөк пулдарынан 1500 сомдон үнөмдөп жүрүп, тиричиликке керектүү жабдыктарды сатып алышкан. Буга чейин Баткен шаардык мэриясы жубайларга үй куруу үчүн жер тилке бөлүп берген эле. Кийин аларга үй куруу үчүн атын атагысы келбеген кайрымдуу адамдардын бири 700 миң сом бөлүп берип, үйдүн курулуш иштери аяктаган", - деп айтылат муфтияттын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shaa-82
2017-11-13 08:41:55
Азаматтар Аллах ыраазы болсун! Коп тукурсо кол болот дейтго.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан