Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлери С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучу курамы жана студенттери үчүн Кыргыз Республикасындагы салттуу билимдер жана өнөр жай менчик объектилеринин укук коргоо маселелери боюнча семинарларды өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын максаты салттуу билимдер, селекциялык жетишкендиктер жана өнөр жай менчик объектилерине өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү жол-жобосу менен тааныштыруу, интеллектуалдык менчик маселелери боюнча студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
"Катышуучулар чагылдырылуучу тематикага чоң кызыгууларын көрсөтүштү жана аймактарда өткөрүлгөн семинарлардын актуалдуулугун белгилешти. Окуу жайлардын өкүлдөрү кызматташууну өнүктүрүүнүн жана мындан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.