Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин Биринчи Май райондук сотунда ага карата козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги сот отуруму уланууда. Исаевдин жана аны менен бирге ишке катыштыгы бар болгон 5 адамдын жактоочулары 2-ноябрда сот залында көрсөтмө берген эксперт Карыпбек Сагынбековдун эки ирет жүргүзгөн экспертизасынын корутундусундагы айырмачылыктарга токтолушту.
Маалым болгондой, Сагынбеков берген көрсөтмөсүндө Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкесин жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго арзан сатканын айткан. Ал 2009-жылы өз алдынча 2016-жылы эксперттик топту жетектеп экспертиза жүргүзгөн. Алардын жыйынтыгында 2009-жылы 5 миллион сомго баалап, 2016-жылы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланган.
Мындан улам жактоочулар эксперттин корутундусуна жеке эксперттер тарабынан баа берилиши керектигин өтүнүштү. Алардын айтымында, Сагынбеков мүлктү баалоодо базар баасына салыштырбаганын жүйө келтиришти. "Алгачкы менен кийинки баалоонун ортосунда чоң айырмачылык болуп жатат. Ал мүлктү базар баасына салыштырган эмес. Эгерде жалган көрсөтмө берсе жоопко тартылышы керек", - дешти жактоочулар.
Жыйынтыгында сот жеке эксперттин баа берүү боюнча өтүнүчтү канааттандырды.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.
Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.