Бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин сөөгү жерге берилди. Кырк жаш курагында дүйнө салган депутаттын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Бүгүн маркум менен коштошуу зыйнаты өтүп, ага маркумдун туугандары, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган депутаттар, өкмөт башчы Сапар Исаков жана башка коомдук-саясий ишмерлер катышты.
Белгилей кетсек, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Улан Чолпонбаевдин көз жумганы белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал боордун циррозу менен ооруган. Депутаттын артында эки кызы калды.