Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 13-ноябрда жол коопсуздугу системинин реформасы боюнча пландын аткарылышын текшерди. Маалыматты өкмөттүк аппараттан билдиришти. План 6 негизги блоктон, 103 пункттан жана 148 иш-чарадан турган.
"Бардык иш-чаралар жол коопсуздугун жакшыртууга багытталган. Бирок планды ишке ашыруу жай жүрүүдө, ошондуктан чукул жыйын өткөрүп жатам. Патрулдук милиция башкы башкармалыгын жойдук, бул аталышты гана өзгөртүү эмес, бул ачык жана сынак аркылуу жаӊы кызматкерлерди алуунун куралы. Бул жол коопсуздугу системин жакшыртуу үчүн зарыл болгон процедуралык кадам", - деди Исаков.
Өкмөт жетекчиси планда каралган иштер өз убагында жасалышы керектигин, милдетин аткарбаган кызматкерлерге иштен айдоого чейин чара көрүлөрүн эскертти.