Канат Исаев өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча кийинки сот отурумунда суралышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин ага карата козголгон кылмыш иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда сот отуруму улантылды. Бүгүнкү отурумга чакыртылган айрым күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу сот ишти улантууну 16-ноябрга белгиледи. Ошондой эле сот кийинки отурумга чакыртылган күбөлөр келбей калчу болсо айыпталуучу Канат Исаев жана аны менен бирге ишке катыштыгы бар болгон 5 адам суралып баштай турганын айтты.

Учурда дагы күбө катары көрсөтмө берүүчү 20га чукул адам бар.

Маалым болгондой, Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасын 17 миллион сомдон ашык акчага баалаган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан