Болсунбек Казаков: "Мамлекеттик ишканалар быйыл алдыга коюлган планды ашыгы менен аткара алышат"

Бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 9 айда аткарылган иштер боюнча жыйын өткөрдү.

Фонддун төрагасы Болсунбек Казаков мекеменин ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери жөнүндө айтып, 2017-жылдын ичинде 2277,8 миллион сом киреше пландалса, январь-сентябрь айларында түшкөн каражаттын суммасы 1698,8 миллион сомду түзгөнүн билдирди.

"Бүгүн жарыяланган 9 айдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөр мурдагы жылдарга караганда бир топ жакшырганы байкалып жатат. Мамлекеттик ишканалар алдыга коюлган пландарды ашыгы менен аткарганга жетишет деп ишеничтүү айта алабыз. Муну менен бирге эле мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана каттоого алуу боюнча иштер соңуна чыгып жатат", - деди Казаков.

Мындан сырткары бир топ мамлекетке тиешелүү мүлктөр, ар кандай органдар тарабынан мыйзамсыз ижарага берилген фактылар көп катталганын билдирип, аларга кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

Маалыматка ылайык, фонд тарабынан өткөрүлгөн ачык аукциондун жыйынтыгында "Семетей" мейманканасынын биринчи кабатында жайгашкан кафени ижарага берүүдөн түшкөн бир айлык кирешенин суммасы 200 миң сомду түзсө, жылдык кирешенин суммасы 2 миллион 400 миң сомдон ашат. Ал эми "Военторг" имаратында жайгашкан дүкөндөрдүн ижарасынан түшкөн каражаттын суммасы айына 450 миң сомду түзсө, жылдык киреше 5 миллион 400 миң сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
futboler
2017-11-13 15:22:05
Кыргыз эл жомоктору
+2
warrior96
2017-11-13 15:31:18
Бобок сенин жомогундун жаны сериясы
+2
Azatbek83
2017-11-13 16:01:36
Рабаят тан каласын эмне десе ооба баары жакшы дей беришет сурай келсен эмне экенин билишпейт.Булар садике барып иштешсе да балакайлар булардын созуно ишенишпейт!
+2
Azatbek83
2017-11-13 16:02:58
Жомокту да бираз жашоодон алып окшоштурат булардын жомогу коркуу креслосунан ажырап калуу.Ошон учун уялбай калп жомокторун айтып чыгышат!
+2
Дарыгер
2017-11-13 17:12:07
Кагазда гана ашыкча. Аландар ашыгы менен аткарылып жатса. Анда эмнеге сырттан карыз алабыз. Бюджете акча да ашыгы менен болушу керек го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан