Биринчи Май райондук сотунун чечими менен жабылган "Сентябрь" телеканалынын жетекчилиги бүгүн, 13-ноябрда кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге телеканалдын жетекчилиги кабарлады. Арызда райондук соттун каналды жабуу чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп өтүнүч келтирилген.
Айта кетсек, Башкы прокуратура сотко 2016-жылдын 29-сентябрында Абдылда Капаров аттуу жаран Жалал-Абадда "Сентябрь" телеканалына 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу маек берип жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган пикирин айтканын жүйө келтирип телеканалды жабуу өтүнүчү менен кайрылган. Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн карап, 2017-жылы 22-августта каналдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Чечим күчүнө киргенден кийин аталган канал ишмердүүлүгүн токтоткон.