Ысык-Көлдө жана Ош-Бишкек жолунда көчкүнү атып түшүрүү үчүн коюлуп, жарылбай калган 94 снаряд изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Бишкек-Ош унаа жолундагы 3 аймакка орнотулган 93 даана снаряд жарылбай калган. Аларды зыянсыздандырууга көмөктөшүү үчүн Башкы штабда ыкчам топ түзүлгөн. 2017-жылдын 12-ноябрында издөө иштери жүргүзүлүп, саат 18:50дө токтотулган. Снаряддар табылган эмес.
Мындан сырткары снаряддардын жарылбай калышы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында болгон. 2 даана жарылбай калган снаряддарды издөө иштери жүрүп, натыйжада 1 даана жарылбай калган снаряд табылган. Ал ошол жерден зыянсыздандырылган.
Ал эми жарылбай калган экинчи снарядды кардын калың түшкөндүгүнө байланыштуу жана ал жерде ыкчам топтун коопсуздугун сактоо максатында издөө иштери токтотулган.
Мындан сырткары Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун 332-чакырымында 1 даана жарылбай калган снарядды зыянсыздандыруу үчүн Башкы штабдын “Скорпион” аскердик бөлүгүнүн 4 аскер кызматкеринен турган ыкчам топ түзүлгөн. 2017-жылдын 12-ноябрь күнү саат 09:45те жарылбай калган снаряд табылган эмес.
Издөө иштери 2017-жылдын 13-ноябрында улантылат.