Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча электрондук порталдын ачылышында онлайн түрдө никеге арыз берген түгөйлөр нике күбөлүктөрүн бүгүн, 13-ноябрда колдоруна алышты. Салтанат Бишкектеги Бакыт үйүндө өтүп, ага өкмөт башчы Сапар Исаков катышты.
Эске салсак, жогорудагы түйгөйлөр онлайн түрдө никеге арыз бергенде Сапар Исаков алардын тоюна баруу ниетин билдирген эле. Ошондой эле аларга белектерин берип биринчилерден болуп электрондук кызматты пайдаланган үй-бүлө экендигин белгилеген.
Ынакбек жана Жанара менен бирге дагы бир жуп онлайн түрдө никеге арыз беришкен. Алар алгач порталга катталып, андан кийин төлөмдү электрондук капчык аркылуу төлөшкөн.
Электрондук кызмат порталы мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта пайдаланууга жол ачат. Ал "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Аны пайдалануу үчүн идентификациялык электрондук карта (биометрикалык паспорт) алып, компьютерге атайын программаны көчүрүү керек.