КҮНСЕРЕП: Бабанов "төңкөрүшкө" жеткирбей лидерликтен кетти

Бүгүн, 13-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өлкөдө Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык түзүлөт. Демилгенин автору - премьер-министр Сапар Исаков. Өкмөт жетекчиси бул өзгөртүү менен жол кыймылынын коопсуздугу жакшырышы керек деп эсептейт. Жаӊы орган мурдагыдан эмнеси менен айырмаланат? Исаков реформасынын башкы артыкчылыгы деп "кызматкерлердин ачык жана сынак аркылуу гана ишке алынарын" айтып жатат. Тармакка мыкты адистерди тартууга басым жасалары күтүлүүдө. Айдоочулар менен катар жолдо эрежелердин сакталбаганына, анын азабынан жол кырсыктарынын көбөйүшүнө тартип бузган айдоочулардан пара алып, жазалабай коё берген МАИ кызматындгы коррупция күнөөлүү. Репутациясы таза, татыктуу кадрлар ишке алынат дегенде мурдагы МАИ кызматкерлери деле "ачык сынактар" аркылуу ишке алынып келбеди беле деген суроо туулат. Маселе эми "үйрөнгөн адат калабы..." болбой сынактарды таза, адат болуп калгандай чиновниктердин кийлигишүүсүнө жол бербей, жеке кызыкчылыктардан өйдө көтөрүлүп, адилеттүү өткөрүүдө турат. Болбосо, өкмөт жаӊыча ат коюп эски тонун кайра эле кийгизген болот.

Патрулдук милиция башкармалыгы 2016-жылы иштей баштаган. Ошол кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев Жол-кайгуул кызматы менен Кайгуул-посттук кызматын бириктирип, Патрулдук милиция түзүлгөн эле. Бул үчүн 500 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Исаковдой эле Турганбаев дагы 2016-жылы өлкөдө жаӊы органдын иш баштаары менен жол кырсыктары азаярын айткан. Соӊку статистика өлкөдө жол кырсыктарынын саны өсүп жатканын көрсөтүүдө. Мындан 3 ай мурун өкмөт жетекчиси Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын 2 эсе азайтуу тапшырмасын берип, бирок аткарылбаганы белгилүү болду. Башка өлкөдө болсо, балким, бул үчүн ИИМдин же жоопкер органдын жетекчилиги жазаланмак. Азыркы өкмөт башчы кайсы бир жетекчилерди эмес, органдын өзүн алмаштырууну туура көрдү. Белгилей кетүүчү жагдай, Сапар Исаков жол көзөмөлдөгөн кызматкерлердин санын көбөйтөрүн айтат. Өлкөдө 2012-жылы көтөрүлүп бирок ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаар" долбооруна ылайык, көчөдө милиция калбай, бардык жерге видеокамералар орнотулушу керек эле. Исаков өзү "Коопсуз шаар" долбоору "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашырыларын убадалаганы бар. Ушул себептүү өкмөттүн бул аракетин алдыга эмес, артка кетүү дегендер дагы чыгууда. "Таза коом" жакында ишке ашпайт деген белгиби? Жогорку Кеӊештин депутаттары Патрулдук милиция өзүн актабады деп күнөөнүн баарын эски өкмөткө шылтап, ошол эле учурда жаӊы демилгеге да шыр ишеним арта албай турушат. Көбү жол кырсыктары "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке кириши менен чечилет деген үмүттө. Ал эми өкмөт аталган долбоордун кечиктирилип жатышын соттук териштирүүлөрдүн бүтө электиги менен түшүндүрүп келет. "Коопсуз шаар" боюнча сот иштери оппозициялык саясатчылардын сот иштериндегидей тездикте жүрсө, долбоордун тагдыры эбак бир жаӊсыл болмок. Турганбаевдин демилгеси чийки экени 1 айга жетпей билинип, минтип 2 жылга жетпей жокко чыгарылууда. Демек казынадан жумшалган 500 миллион сомдон ашык каражат натыйжасыз коротулду. Бул үчүн ким жооп берет? Исаковдун реформасынын элегинен өткөн репутациясы таза кадрлар абалды өзгөртөбү, жокпу, жакын арада билинет...

Өмүрбек Бабанов парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен өз каалоосу менен кетти. Анын чечими бүгүн фракциянын кезексиз жыйынында каралып, колдоого алынды. Фракция катчылыгы "Өмүрбек Бабанов социалдык-экономикалык саясатты өзгөртүү жана мыйзам долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн партия менен фракциянын иши бирдиктүү жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Буга байланыштуу ал фракция жетекчилигинен кетүүнү чечти", - деп билдирүү таратты. Демек, партия менен фракция бирдиктүү иштеши үчүн Бабанов лидерликтен кетиши керек деген талап коюлуп, кысым жасалган болобу?

Өмүрбек Бабановго 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодон кийин оор беренелер боюнча кылмыш иши ачылган. Фракция лидери азыркы тапта өлкөдө эмес, фракциялаштары Бабанов чет жерде дарыланып жатканын айтып жатышат. Өзүнө козголгон кылмыш ишин "ойдон чыгарылган" деп атаган Бабановду өлкөгө кайтып келет деп күткөндөрдүн деми сууду. Буга чейинки Күнсерепте анын камалуу же фракциясынан ажыроо коркунучунда калганын жазган элек. Бул арада аны лидерликтен кетирүү үчүн "Республика - Ата Журттун" депутаттары арасында кол топтоо жүрүп жатканы айтылып жатты. Бабанов фракциялаштары "кет" дей электе өзү кетип калууга аргасыз болду. Бийликке сын, каяша айткан парламенттеги оппозициялык маанайдагы депутаттар акырындан "сынууда". Сынбагандар ар кайсы жылдарда жасалган иштер боюнча козголгон кылмыш иштерине кириптер болуп, бир нече жылга эркинен ажыратылып, камалганы да болду. Жогорку Кеӊеш дээрлик азуусуз оппозиция менен иштөөгө өтөт сыягы. Ал эми Өмүрбек Бабанов эми өлкөдөн чыгып кетип түрмөдөн кутулган Мелис Мырзакматовдун катарын толуктай тургансыйт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан