2018-жылы ажылыкка барчулар биометрикалык паспорту жок болсо бара алышпайт

Муфтият 2018-жылдагы ажылык иштерине даярдыктарды көрө баштады. 13-ноябрда муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ажылык иштерин электрондоштуруу максатында биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы болуп жаткандыгына байланыштуу муфтият ажылыкка барууну каалагандарды биометрикалык паспорт алууга чакырды. Биометрикалык паспорту жоктор каттоого алынышпайт.

Мамлекеттик каттоо кызматы август айында 2017-жылдын 1-октябрына чейин 2,5 миллион жарандын паспортун (ID-карта) жаңы электрондук паспортко алмаштыра турганын билдирген. Аталган паспортту биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар гана ала алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dilya85
2017-11-13 17:07:32
Ажылыкка баруу жонундо кенири маалымат берип коюнуздарчы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан