СУПЕРСТАН: "2030-жылдагы Кыргыз мамлекетин кандай элестетесиз?"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "2030-жыл. Кыргыз мамлекети" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Кыргыз өлкөсүн башка улуттар бейиш өлкө деп ойлошот. Бирок биз анын баркына жетпей, өлкөбүздү бара-бара жок кылып жатабыз. Эми мындан кийин Кыргыз мамлекети кандай ийгиликтерге жетишет жана анда кандай өзгөрүүлөр болот деп ойлойсуздар?" деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"2030-жылы өлкөдө түндүк менен түштүктү бириктирген ылдамдуу поезд жолу болушун каалайт элем. Албетте, бул өтө кыйын иш, бирок баарын кылса болот адам баласы".
"2030 жыл... "Кыргыз каганаты". Жалпы аянты - Алтайдан Кытайдын Манас деген жерине чейин. Калктын саны - 380 миллион. Сомдун курсу 250 долларга барабар".
"Келечек дегенде эле балдарымдын келечегин ойлоном. Ыймандуу, акылдуу, бактылуу болушса экен дейм. Адамдардын пейили бузулбасын. Акча, байлык, техника, бийик үйлөр - табылчу нерселер".
"2030-жылы Кыргыз Республикасы өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктап, элибиз чет жерге жумуш издеп чыкпай, кол алдында чет элдиктерди иштетип калат. Коррупция деген жок болот, кыргызымдын жүрөгү ыйманга толот. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, мекен туусу көп жерде желбирейт".
"Бийлик алмашат, унаа чыгаруучу заводдор иштейт. Ар бир үйдө 3төн унаа болуп, айылдагы жолдор асфальт болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.