Кыргызгидромет: "15-ноябрда күндүз жана 16-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргызгидромет агенттиги аба ырайына болгон 3 күндүк божомолдорду таратты. Анда 14-ноябрь жана 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөй турганы айтылат.

Маалыматка караганда, 15-ноябрда күндүз жана 16-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн. Ал эми тоолордо кар жаайт. 16-ноябрда күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, калган облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Batma08
2017-11-13 18:40:21
Кыш келип калдыго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан