Алмазбек Атамбаев этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директорун кабыл алды

Кечээ, 13-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруунун жыйынтыктары туурасында маалымат берилди.

Бахтияр Салиев концепцияны ишке ашыруунун алкагындагы иштер этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү, кыргыз элинин маданий жана этникалык көп түрдүүлүгүн сактоо аркылуу улуттук биримдикти камсыз кылууга багытталгандыгын маалымдады.

“Ушул принциптер 2018-2040-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясында сакталып жана улантылат”, - деди Салиев.

Алмазбек Атамбаев улуттук биримдикти чыңдоо боюнча иштерди улантуу керек экендигин баса белгиледи.

“Кыргызстан элдеринин биримдиги өлкөнүн туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат”, - деди мамлекет башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан