Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Нуркамил Мадалиев 1961-жылы 14-ноябрда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган.
Ал 1979-жылы Фрунзе финансы-экономикалык техникумун аяктап, 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин тарых адистиги боюнча, 1995-жылы юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Тарых илимдеринин кандидаты. Мадалиев эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Алай районундагы “Живпром” ишканасында эсепчи болуп иштөө менен баштаган.
1987-1988-жылдары Алай районундагы Макаренко атындагы орто мектепте тарых мугалими, 1988-1997-жылдары Ош мамлекеттик университетинде лаборант, окутуучу, ага окутуучу болуп иштеген.
1998-1999-жылдары Ош мамлекеттик университетинде юридика факультетинин деканынын орун басары жана жарандык укук жана ишкердик кафедрасынын улук окутуучусу болгон.
1999-2013-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Оштогу филиалынын директору болуп иштеген.
2013-жылдын 6-февралында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
14-ноябрга карата жылнаама.