Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Алмаз Токторов, Дүйшөн Төрөкулов, Сайдулла Нышанов, Алмаз Эргешов, Айтмамат Кошоев, Жанар Акаев жана активисттер менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн абалы менен жеринде таанышат.
Буга чейин өкмөт тарабынан аталган мөңгүлөрдү талкалоого уруксат сураган мыйзам долбоору сунушталып, бул көптөгөн нааразычылыктарды жараткан. Өкмөттүн сунуштаган мыйзамына арналган тегерек стол да жаңжал менен аяктаган болчу.
Вице-премьер-министр Зилалиев ага карабастан мыйзамды артка чакыртып албай турганын билдирген. Мындан улам өкмөт активисттерди, депутаттарды жана маалымат каражаттарын Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн абалы менен жеринен таанышууга чакырган.