Бишкекте опера ырчысы Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтөт

Эртең, 15-ноябрда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера балет театрында Кыргыз искусствосунун легендасы, СССРдин эл артисти, опера ырчысы Сайра Кийизбаеванын элесине арналган кече уюштурулат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Опера ырчысы (лирика-драмалык сопрано) Сайра Кийизбаева Бишкек шаарынын Төкөлдөш тарабында 1917-жылы 17-октябрда туулган. Чыгармачылыгын 1936-жылы Кыргыз музыкалык драма театрында солист болуп иштөөдөн баштаган. Кийин бүт өмүрүн опера жана балет театрында өткөргөн. Согуш учурунда жарым жылча фронт аралап концерт берип, согуштан кийин Москва консерваториясынан музыкалык билимин өркүндөткөн. 1943-жылы Чайковскийдин "Евгений Онегин" операсында Татьянанын ролун жогорку чеберчилик менен аткарып, дасыккан аткаруучу катары таанылган. Улам кийин операларда негизги партияларды аткарып, профессионалдык жогорку чекке жеткен.

Ал музыкалык комедияларда да чебер ойногон ырчы-аткаруучу катары белгилүү болгон. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда жеке ырдоо кафедрасынын башчысы жана профессору болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. Сайра Кийизбаева 1988-жылы 71 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан