Ош шаарында үйлөрдү жылытуу сезону Бишкектен бир ай кеч башталат

Аба ырайы өзгөрүп, суук түшкөнүнө жана шаардыктардын кайрылуусунун негизинде эртең, 15-ноябрда Ош шаарына жылуулук бериле баштайт. Белгилүү болгондой, тийиштүү буйрукка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койгон. Бул туурасында бүгүн, 14-ноябрь күнү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин тийиштүү шаардык коммуналдык кызматтар менен болгон жыйынында маалым болду.

Жыйындын жүрүшүндө алгач шаардын социалдык объектилерине – бала бакча, ооруканалар, мектеп жана башкалар, андан соң турак үйлөргө жылуулук берүүнү камсыздоо тапшырмасы берилди. Ошондой эле аймактык кеңештин төрага, төрайымдарына жылуулук берилүүчү үйлөрдүн жашоочуларына жылуулук системаларын оңдоп-түзөп бүтүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Айта кетсек, жылуулук Бишкек шаарында 17-октябрдан баштап бериле баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Saidochka
2017-11-14 11:47:37
Берилсинчи,ушуп атабыз
0
nargiz-sa
2017-11-14 14:35:19
Суук уййлордо жаш балдарга кыйын болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан