Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны 5 күнгө жылдырылды

Президент Алмазбек Атамбаевдин 15-ноябрга белгиленген маалымат жыйыны артка жылдырылды. Маалыматты бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG'ге президенттик аппараттан ырасташты. Өлкө жетекчисинин журналисттер менен жолугушуусу 20-ноябрда өтмөкчү.

"15-ноябрь - болжолдуу дата болчу. Президенттин иш графиги кээде өзгөрөт, ошондуктан 20-ноябрга жылдырылды", - деп билдирди президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева.

Эскерте кетсек, бул жолугушуу Алмазбек Атамбаевдин президент катары ММК өкүлдөрүнө акыркы жолу маалымат жыйын бериши болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан