Каржы министри: “2018-жылы мугалим, дарыгерлердин айлык маянасы жогорулабайт”

“2018-жылдын бюджетинде мугалим, дарыгерлердин айлык маянасын жогорулатуу каралган эмес”, - деп бүгүн, 14-ноябрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Министрдин айтымында, быйылкы жылдын сентябрь айында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйтүлгөн. "Буга жалпы 335 миллион сом коротулду. 2018-жылы дагы алардын айлыгы көбөйтүлөт”, - деди министр.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 2018-жылы мугалим, дарыгерлердин айлыгы эмнеге көтөрүлбөй турганын сурады.

Каржы министри билдиргендей, мугалимдердин айлыгы 2015-жылы жогорулатылган.

Учурда жыйында "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан