Диабетке каршы күрөшүү күнүндө Бишкектин тургундары кандагы канттын өлчөмүн текшертип, жөө жүрүшкө чыгышты

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк диабетке каршы күрөшүү күнү белгиленди. Ага шаар тургундары, медицина кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Нурлан Сатаров акция диабетке каршы күрөшүү жана бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүп жатканын белгиледи.

"Кант диабетинин күнү бүгүн дээрлик бардык дүйнө өлкөлөрүндө белгиленип жатат. Биз да четте калбай бул күндү белгилеп, коомчулукка аз да болсо бул илдет тууралуу маалымат берүүнү максат кылдык", - деди ал.

Акциянын жүрүшүндө алгач каалоочулардын баары организминдеги кандагы канттын өлчөмүн бекер текшертип алганга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле атайын көнүгүүлөрдү жасап, көңүлдүү бий да бийлегенге жетишти.

Мындан сырткары дени сак жашоону жайылтуу үчүн жөө жүрүш уюштурулду. Расмий маалымат боюнча кант диабети менен ооруп катталгандардын саны азыркы учурда 55 миңге жетет. Ал эми мамлекеттик эмес уюмдардын статистикасында бул илдетке чалдыккандардын саны 118 миңден ашат. Дарыгерлер диабет менен ооругандардын саны күн санап өсүп жатканын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан