Өмүрбек Бабановдун штабында иштеген агитаторлор айлыгын ала албай жатышкандыгын айтып чыгышты

Бүгүн, 14-ноябрда президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабында жетекчи болуп иштеген Байтик Кадыршаев маалымат жыйынын өткөрдү. Ал шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановдун Башкы штабы үгүт кампаниясында иштегендерге келишим аркылуу сүйлөшүлгөн айлык акы төлөбөгөнүн билдирди.

Алар Өмүрбек Бабановдун "Республика-Ата Журт" партиясынын лидерлигинен кетиши бул маселени коомчулукка алып чыгууга түрткү болгонун белгилешти.

"Үгүт иштери жүрүп жатканда келишим боюнча убадаланган 45 адамга 15 миң сомдон айлык акылары төлөп берилген эмес", - деди активист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан