Өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасын чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев "Даңк" ордени менен сыйланышты. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда кол койгон.
III даражадагы "Манас" ордени менен Ош облусунун "Маткерим" фермердик чарбасынын жетекчиси Жусупакмат Атамбаев менен Нарын облусунун Ат-Башы районундагы "Жумак" асыл тукум үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Жумагул Жумаков сыйланды.
Ал эми "Достук" ордени менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахматжон Абдурахманов сыйланды.
"Даңк" ордени менен сыйлангандар:
Зинаида Биденко - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы мамлекеттик ишканасынын инженердик-геологиялык партиясынын экзогендик-геологиялык процесстерин изилдөө боюнча отрядынын башчысы;
Хурсанбек Байбабаев - Ош облусунун Араван районундагы "Байбува" дыйкан чарбасынын жетекчиси;
Лев Васильев - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
Кокумбек Таштаналиев - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы чарба жана мелиорация департаментинин директору;
"ЭМАРК Строй" жоопкерчилиги чектелген коому.