Депутат Алтынбек Сулайманов: “Каржы министрлиги дайыма жалган маалымат берет”

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Каржы министрлиги дайыма жалган маалымат бере турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

“Каржы министрлиги бюджетте өсүш бар деп жатат. Отчёт боюнча 2017-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 141 миллиард сомду түздү. Ал эми 2018-жылы киреше бөлүк 142 миллиард сомду, 2020-жылы 144 миллиард сомду түзөт деп болжолдонуп жатат. Айырма 2 миллиард эле сом болуп жатпайбы. Ушул өсүшпү? Өкмөттүн бюджеттик тартыштыкты азайта турган позициясы, бюджетти көбөйтө турган аракеттери барбы? Коңшу мамлекеттерде бюджеттик өсүү байкалып жатат”, - деди депутат.

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2018-жылы мамлекеттик органдардын чыгашасын кыскартуу мүмкүнчүлүгүн кароо пландалып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан