SUPER.KG порталынын "Супер ТВ" бөлүмү Памирден окутуу үчүн алынып келген этникалык кыргыздардын кыргыз жеринин жер шартына көнүү процесси менен таанышып кайтты.
Жалпысынан Улуу жана Кичи Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө алынып келген. Алардын арасында жаңы үйлөнгөн түгөйлөр - Фазиль Хак Абубакир уулу менен Ширинбү Абдылбаид кызы да бар. Алар 2 ай мурун үйлөнүшкөн.
"Мен Ширинбүгө үйлөнүш үчүн 100 кой берген эмесмин. Менин карындашымды анын аталаш агасына бергенбиз. Тагыраагы алмашканбыз. Кыргыз жеринде аба ырайы жылуу экен, жеңил кийимчен да ысып жүрөбүз. Бул жакта картошка, салат, беш бармак жана башка көп нерселерди жеп жатабыз. Көпчүлүгүнүн кандай аталарын билбейм", - дейт Фазиль Хак.
Ал эми 38 жаштагы Лаалбүбү аттуу келин 12 бала төрөгөнүн, тилекке каршы, 10 баласы чарчап калганын айтып берген.
Репортажды толугу менен көрүү үчүн бул жерди басып "Супер ТВга" кириңиз.