ЖЫЛНААМА, 14-НОЯБРЬ: “Dolce & Gabbana” брендинин негиздөөчүсүнүн бири Стефано Габбана 54 жашка чыкты

Дүйнөлүк модада өзгөчөлүү көз карашын көрсөткөн, белгилүү “Dolce & Gabbana” брендинин негиздөөчүлөрүнүн бири Стефано Габбана бүгүн, 14-ноябрда 54 жашка чыкты.

Бала чак

Талыкпаган эмгеги, тубаса таланты жана өзүнө болгон ишениминин артында мода дүйнөсүндө белгилүү болуп, дүйнөлүк моданын тарыхында ысымы кала турган Стефано 1963-жылы 14-ноябрда белгилүү модельердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Стефанонун апасы аны көңүлдөшүнөн төрөгөн, буга карабастан атасы баласына жакшы көңүл буруп, эч нерседен кем кылбай жардам берип турган. Кичине кезинен тарта жакшы жана жарашыктуу кийинүүнү жактырган Габбана сүрөт тартууга кызыгып, Италиядагы көркөм сүрөт колледждин графика жана дизайн бөлү­мүнө окууга тапшырган. Ал студент кезинде эле сүрөтчү болуп иштеп акча тапчу. Колледжди аяктаган соң Стефано креативдүү директор адистигине ээ болгон.

Ийгиликке болгон алгачкы кадамдар

Мода дүйнөсүн дүрбөлөңгө салып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган “Dolce & Gabbana” бренди Стефано Габбана жана Доменико Дольченин жолугушуусунан кийин пайда болгон. 1982-жылы “Dolce & Gabbana” фирмасы шаарда жайгашкан кичинекей студия гана болгон. Дал ушул кичинекей студиянын ичинде азыркы тапта дүйнө жүзүнө белгилүү болгон кийимдердин эскиздери тартылып алгачкы кадамдар ташталган.

Кичинекей студиянын чоң корпорацияга айланышы

1984-жылы өнөктөштөр Миландагы мода жумалыгына катышат. 1985-жылы алардын "Milano Collezzioni" дебюту көптөгөн мода дүйнөсүндөгү сынчылардын көңүлүн өзүнө бурган. Бул ийгилигин алар экөөнүн модага болгон көз карашы эки башка экенин, бирок сүйлөшүү менен укмуштуу стилдерди таап, ийгиликке алып келген коллекцияларды жаратып жатышкандыгын белгилешкен. Убакыт өтүп бренд көптөгөн ийгиликтерди багынтат, 1989-жылы бренд өзүнүн күйөрмандарына купальниктердин жана ич кийимдердин коллекциясын тартуулаган. Ал эми 1992-жылы эң алгачкы айымдар үчүн чыгарылган "Dolce & Gabbana Parfum" атыры сатыкка чыккан. 2011-жылы бренд өзүнүн зер буюмдарын тартуулаган.

Азыркы тапта дүйнөлүк мода аренасында алгачкы саптарда турган "Dolce & Gabbana" брендинин фирмалык дүкөндөрү дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүндө бар. Бул белгилүү фирманын өндүрүп чыккан товарларын дүйнөгө атагы чыккан мырзалар да, айымдар да бирдей колдонушат.

Кызыктуу фактылар:

  • Стефано Габбананын апасы ал кичинекей кезинде чогулткан "Fiorucci" фирмасынын баштыктарын азыркыга чейин сактап койгон. Ийгиликке жеткен Габбана дайыма кичинекей кезинде кумир туткан Элио Фиоруччини өзүнүн ар кандай иш-чараларына ардактуу конок катары чакырганды унутпайт.
  • Эң алгач алардын студиясы мода тууралуу кардарларга кеп-кеңеш берүү үчүн ачылган.
  • 2006-жылы футбол боюнча Италия курама командасы "Dolce & Gabbana" фирмасы иштеп чыккан формаларды кийип ойношкон.
  • Мадонна, Уитни Хьюстон, Кайли Миноуг жана башка белгилүү адамдар өзүнүн концерттери үчүн кийимдерди ушул брендден алат.
  • Мода үйү 20дан ашуун китеп чыгарган. Бул китептерде фирманын басып өткөн жолу жана ийгилик сырлары жазылган. Китептерди сатуудан түшкөн каражаттын көп бөлүгүн бренд кайрымдуулукка жумшаган.

14-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pandora
2017-11-14 18:29:34
Кийимдери укмуш,ооруймун,ар бир кийими озгочо,стилдуу.Сумкасы анча деле жакпайт,ер буюмдары бир да жакшына...Кийимдерин "Дольче &Габанна"-болгон учун эмес,менин стилим болгон учун жагат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан