SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Туугандардын үйлөнүшүнө кандай карайсыз?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Илгери кыргыздар жети ата өтмөйүнчө кыз алышып-беришчү эмес экен. Ген бузулуп, оорулуулар, майыптар төрөлүшү мүмкүн".
"Негизи эле туугандардын үйлөнүүсүнүн бирден бир максаты алыстап кеткен туугандарды кайра жакындатуу болуп эсептелет. Туура, бул ген жактан бузулууну пайда кылат. Бирок бир нерсе мени ойлондурат - барып-барып кыргыз журту бир атадан тараган болуп чыгат. Ойлонуп көрсөк, бардыгыбыз тууган экенбиз. Мындай нерсеге кандай көз караштасыңар?"
"Ата жактан туугандар болсо коркунучтуу, ал эми эне жактан 2-3 муун өтсө, эч нерсе болбойт дешет го".
"Туугандар эле эмес, бир айылдан, жадакалса бир райондон үйлөнбөй эле коюш керек. Климаты башка жактардан алса, балдары акылдуу, сулуу болот деп уккам".
"Бөлөлөр үйлөнгөнүн көрүп жатабыз, бала-чакасы аман-соо жүргөнүн. Эгер түшүнбөстүк болуп калса, араларында туугандары эле жакшы түшүндүрүп тарбиялап коёт".
"Туугандардын баш кошуусуна терс көз карашта эмесмин. Бирок медицина терс көз карашта. Анан да туугандардын баш кошуп, чогуу турмуш улантуусунда ар кандай көйгөйлөр пайда болуп, алардын айынан тууганчылык мамилесин үзгөндөр да жок эмес".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.