Адис: "Давыдов мөңгүсүнүн 70-80 пайызы, Лысый мөңгүсүнөн 10 пайызы жок болуп кетти"

Давыдов мөңгүсүнүн 70-80 пайызы, Лысый мөңгүсүнөн 10 пайызы жок болуп кетти. Бул тууралуу "Кумтөр" кениндеги тоо кен казуу бөлүмүнүн менеджери Каныбек Жумалиев билдирди.

"Давыдов мөңгүсүнүн 70-80 пайызы башка жакка которулду, ал күндүн ысыгынан эриди. Лысый мөңгүсүнөн 10 пайызы эрип жылган. Калган бөлүгү турат", - деди Жумалиев.

Учурда "Кумтөр" кениндеги жылдырылган жана эрип кеткен мөңгүлөрдүн абалы менен Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун активисттери жеринен таанышууда. Бул иш-чараны өкмөт тарап сунуштап Дүйшөнбек Зилалиев жетектеген өкмөт мүчөлөрү абалды жеринде тааныштырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан