Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары, журналисттер, жарандык активисттер "Кумтөр" кенинин тегерегиндеги мөңгүлөрдүн абалы менен жеринде таанышууда.
Бул иш-чара мөңгүлөргө тийиштүү мыйзам долбоорунун актуалдуулугу менен коомчулукту кабардар кылуу максатында өкмөт тарабынан сунушталган.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев аталган мыйзам эки мөңгүгө тийиштүү экенин айтты. "Ак-Шыйрак массивинде 152 мөңгү бар. "Суу кодексине" киргизилип жаткан өзгөртүүлөр алардын экөөсүнө гана тийиштүү. Бул Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү. Жалпы өлчөмдө массивдеги мөңгүлөрдүн 0,3 пайызын түзөт. Бул мөңгүлөр борбордук карьердин коопсуздугу үчүн жылдырылат. Калган 150 мөңгүгө кол тийбейт", - деди Зилалиев.