Бүгүн, 14-ноябрда Кыргыз өкмөтү "Кумтөр" кениндеги мөңгүлөрдүн абалы менен ачык тааныштырууга журналисттерди, депутаттарды алып келген. Кендеги экологиялык абал менен таанышкан соң катышуучулар "Кумтөр" кенинин кызматкерлери менен жолугуп мөңгүлөргө тиешелүү мыйзамды эки тараптуу талкуулады.
Эки тараптуу талаш "Кумтөр" кенинде эмгектенген Максат аттуу кызматкер сөз сүйлөгөндөн кийин башталды.
"Бейөкмөт уюмдарда иштегендер, активисттер, силер өзүңөрдү эмес, бул жерде иштеген 5 миң адамдын тагдырын ойлогула. Биз Жогорку Кеңештин таратылышын да талап кылышыбыз мүмкүн", - деди Максат.
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов "Кумтөрдүн" тагдырын анда иштеген 5 000 кызматкер чечпей турганын айтты.
"Биз бүтүндөй элдин шайлоочулардын үнүн угуп, ошого ылайык чечим кабыл алабыз. Бул жерде 5 миң адам иштесеңер өлкөдө 6 миллион адам жашайт. Алардын ойлору да маанилүү", - деди Нышанов.
Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү "Кумтөр" Кыргыз мамлекети үчүн маанилүү кен экенин айтып, бул маселе жалпы элди ынандыра турган жагдайда чечилиши керектигин эскертти.
"Миллиондогон жарандар жумуш жоктугунан чет мамлекеттерде жүрүшөт. Биз кайдыгер болбой кеңешип чечим кабыл алабыз. Биз мыйзам кайра экинчи окууга кайтарылып, коомдук угуу өткөрүлүшүн сунуштайбыз. Мен азыр бул жерден абалды көрүп мурдагыдан ойлорум өзгөрдү", - деди Мавлян Аскарбеков.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тараптарды ынтымакка чакырып, талаш-тартыш ачуу кыйкырык салуудан натыйжа чыкпай турганын айтты.