Нарында мыйзамсыз балык кармагандар колго түштү

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Нарын облустук башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу 15-ноябрда аталган мекемеден билдиришти.

Соң-Көлдө жүргүзүлгөн рейдде инспекторлор тарабынан 4 даана моторлуу кайык жана узундугу 100 метрден болгон 50 даана кытай торлору табылган. Ошондой эле Жумгал районунун Кызарт айылынын тургундары Дүйшөнбек Абдиев менен Залкарбек Мундузбек уулу 52 даана пелядь жана сига-ладуга балыктары менен кармалды. Браконьерчилик менен алектенгендерге инспекторлор тарабынан тийиштүү акт, протоколдор толтурулуп, өз билемдик менен сууга мыйзамсыз салынып келген торлорду жок кылышты. Тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2017-11-15 08:50:44
мындай торлор менен кармашса балык калбайт го
0
Tyty1990
2017-11-15 09:12:28
Экологтор оздору тор салып кармашат керек болсо. Булар жон гана ордунда акча беришкен эмес. Лично мен коргомун оздору торду таштаганын.
+3
bond02
2017-11-15 09:40:15
Балык кармаган адамдарды оздорун балыктын ордуна сууга салып жибериш керек да.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан