Жусупбек Шарипов Кыргыздын Украинадагы элчиси болору күтүлүүдө

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жусупбек Шариповдун талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси кызматына жактырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комитеттин мүчөсү Анвар Артыков билдирди.

Анын айтымында, Шариповдун талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги сунуштаган.

Айта кетсек, Жусупбек Шарипов президенттикке жаңы шайланган Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы. Учурда Шарипов Кувейттеги, Мароккодогу, Иорданиядагы жана Бахрейндеги элчилик кызматты айкалыштырып иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан