Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев жол кырсыктарына байланыштуу чукул арада өкмөттүк жыйын өткөрүүнү сунуштады.
"Биздин чырактай болгон жигит Темир Жумакадыров каза болгондон кийин эле жол кырсыгынан 70 адам каза болуптур. Биз, Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөт жарандардын коопсуздугу үчүн жооптуубуз. Ошондуктан буга карата чара көрүп, чечим кабыл алышыбыз керек. Ошондуктан мен буга карата чукул арада өкмөттүк жыйын өткөрүүнү же өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуштайм", - деди Иманалиев.
Ал эми вице-спикер Асель Кодуранова 19-ноябрда өкмөттүк жыйын боло турганын айтып, бул жыйын жол кырсыктарына байланыштуу экенин айтты.