Жогорку Кеңеш 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп бекитти. Тиешелүү мыйзам бүгүн, 15-ноябрда экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Эске салсак, "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө" президенттин жарлыгы ноябрь айынын башында чыккан. Мындан улам Жогорку Кеӊеш тиешелүү токтом кабыл алып, майрам күндөрүнө байланыштуу мурда кабыл алынган бир катар токтомдор жокко чыгарылган.