Парламентте Түштүк Кореяда иштеген эмгек мигранттары үчүн пенсия берүү боюнча макулдашуу каралып жатканы айтылды

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеште "Социалдык фонддун 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу жана ошондой эле Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор каралууда.

Соцфонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров пенсия алуучуларга карала турган шарттар жана кайсы өлкөдөгү мигранттар пенсия алууга мүмкүнчүлүгү боло турганын айтты.

"Биринчи талап кылган эмгек тажрыйбасын карайбыз. Анда жер үлүшү болсо ага ылайык чыгарып беребиз. Эгер айлык алып иштеген жаран болсо ага анын негизинде чыгарабыз. Түркияда иштеген биздин жарандарга пенсия төлөп берүү жагы каралган. Ушундай эле эмгек мигранттары үчүн пенсиялык төлөм киргизүү боюнча макулдашуу Түштүк Корея менен түзүлүп, ишке ашырылып жатат", - деди Абжапаров.

"Учурда өлкөдө 627 миң пенсионер бар. 2030-жылга барып бул сан 700 миңге жетери күтүлөт. Азыр пенсионерлерге берилүүчү каражат бара-бара мамлекетке жүк болбошу үчүн "Таза коом", "Кырк кадам" мамлекеттик программаларына атайын долбоорлор киргизилген", - деп кошумчалады Абжапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан