ӨКМ: "Мамлекеттен жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөй, кооптуу аймактарда жашап жаткан 1932 үй-бүлө бар"

Жалпы республика боюнча жер көчкү түшүү коркунучундагы 929 тилке бар. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунда - 459, Ош облусунда - 359, Баткен облусунда - 84, Нарын облусунда - 21, Ысык-Көл облусунда - 3, Бишкек шаарында - 1 жана Ош шаарында - 2 кооптуу тилке бар экени аныкталган.

"Жогорудагы кооптуу аймактарда жашап жаткан 18 миң 395 кожолук көчүрүлүүгө тийиш болсо, 1994-жылдан 2017-жылга чейин 14 миң 145 кожолук мамлекеттен жардам жана жер тилкелерин алып көчүрүлгөн. Ошондой эле мамлекеттен жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөй, кооптуу аймактарда бүгүнкү күнгө чейин жашап жаткан 1932 үй-бүлө бар.

Анын ичинен жер көчкү түшүү коркунучу бар жерлерде 1746 кожолук, сел, жээк эрозиясы, кыртыш суулары көтөрүлүү коркунучу бар аймактарда 150 кожолук, таш кулоо жана башка өзгөчө кырдаал болуп кетүү коркунучу бар аймактарда 36 үй-бүлө жашайт", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан