Атамбаев: "Эгерде кимдир бирөөгө эгемендүү өлкө кереги жок болсо башка мамлекетке кетсин"

"Эгерде кимдир бирөөгө эгемендүү өлкө кереги жок болсо башка мамлекетке кетсин", - деп бүгүн, 15-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча өтүп жаткан отурумда билдирди.

Мамлекет башчы Кыргыздар эгемендүүлүктү миң жыл күткөнүн айтты. "Эгемендүүлүк үчүн башыбыз курман. Эгерде бирөөгө эгемендүү өлкө кереги жок болсо жол ачык. Башка өлкөгө самолёт, автобус менен кетсин. Бизге эгемендүүлүк, Кыргыз өлкөсү керек. Мен өлкөнүн эл шайлаган президенти катары ушул жерде отурган жаңы шайланган президентке, өкмөт башчысына, Жогорку Кеңештин төрагасына, министрлерге, депутаттарга Кыргыз эгемендүүлүгүн сактагыла деп айтат элем", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан