Кыргыз өлкөсү ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарды коргоо комитетинин мүчөсү болду

Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар боюнча комитетинин мүчөсү болуп тандалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-ноябрда ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастар боюнча конвенциясынын Башкы ассамблеясынын 21-сессиясы өткөн. Анда Кыргыз мамлекетин аталган комитеттин курамына киргизүү чечими кабыл алынган. Жалпысынан 21 өлкөдөн турган комитет Бүткүл дүйнөлүк мурастарды коргоо боюнча тизмеге объекттерди киргизүү жана чыгаруу укугуна ээ.

Эми Кыргыз мамлекети маданий жана табигый мурастарды коргоо, сактоо жана өнүктүрүү маселелерине катыша алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
scorp
2017-11-15 14:45:47
Жакшы
0
AzKumFerDan
2017-11-15 19:29:45
Жакшы.Ийгиликти багынта бергиле.Кыргыз жонокой Эл эмес.Алахтын козу тушуп турган берекелуу жер,бирок ошол берекени качырып жаткан Жогорку жактагы жеп жутарлар ондурбай жататда атин!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан