"Ушул жылдын жайкы туристтик сезону мыкты жыйынтыкталды. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул жылы өлкөгө келген туристтердин саны өстү", - деди бүгүн, 15-ноябрда Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов маалымат жыйында.
Жаманкуловдун билдирүүсүнө ылайык, өткөн жылдагы жайкы туристтик сезонго караганда ушул жылдын 6 ай ичинде өлкөгө келген туристтердин саны 349 миңге көп. Жарым жыл ичинде өлкөгө 1 миллион 900 миң адам чет мамлекеттерден эс алууга келген. Мунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке салыктан 37 миллион сом түшкөн. Бул өткөн жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу 7 миллион сомго көп.
"Туристтик сезонго даярдануу иш-аракеттеринин алкагында Кыргыз жергебизге дүйнөгө аты чыккан блоггерлерди чакырганбыз. Алар жаратылышыбыз тууралуу тартып кеткен кыска, бирок сапаттуу видеолор дүйнөдөгү алдынкы сайттарга жайгаштырылды. Ошондой эле өлкөнүн атын таанытуу боюнча бир катар иштер жасалып, эл аралык туристтик жарманкелерде биздин өлкө татыктуу деңгээлде тааныштырылды", - деп билдирди Жаманкулов.
Мындан сырткары быйыл жаңы аба каттамдары ачылып туристтерге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жай мезгилинде өлкөгө келген туристтер кышкысын да келип, эс алып кетет деген үмүттөр бар экендигин кошумчалады ал.
Журналисттердин "Кыргыз-Казак чек арасындагы абал туристтердин келүүсүнө кандай таасир берип жатат?" - деген суроосуна департаменттин жетекчиси чек арадагы абал туристтердин санына эч кандай таасирин тийгизе элек деп жооп берди.
"Учурда келе жаткан кышкы туристтик сезонго даярдануу кызуу жүрүп жатат. Ноябрь айынын аягында департамент кышкы туристтик объектилердин даярдыгын текшерүүгө алат", - дейт Азамат Жаманкулов.