Өлкөдөгү эң аз пенсия алгандар мугалимдер жана дыйкандар экени айтылды

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык фонддун ишмердүүлүгү талкууланды.

Депутат Наталья Никитенко 40 жылдап агартуу жана башка тармактарда эмгектенген жарандар, аз пенсия алып жатышканын айтты. Соцфонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров пенсиянын көлөмү жарандардын жүргүзгөн төлөмдөрүнө жараша экенин билдирди.

"Мугалимдер жана башка категориядагы кызматкерлер аз пенсия алышат. 2011-жылга чейин мугалимдер болгону 245 сом эле пенсия алышчу. 2011-жылы мугалимдердин пенсиясын көтөрүү жагы каралып баштаган. Анткени ошол убактан баштап мугалимдердин айлыгы көбөйүп баштаган. Пенсиянын көлөмдөрү алган айлыктарына жараша болот. Биз 40 жылдап иштеп аз пенсия алган жарандар боюнча сунуштарды кабыл алабыз", - деди Абжапаров.

Мындан тышкары аз пенсия алгандардын негизги бөлүгү дыйкандар экени айтылды.

"Дыйкандардын бир айлык төлөмү айына 5 сомду гана түзүп жатат. Ошондуктан дыйкандардын пенсиялары аз болуп жатат. Азыр дыйкандар 1700 сом менен пенсияга чыгат", - деп кошумчалады Абжапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ajdaaar
2017-11-15 15:33:33
Акмакчылык!!!40 жыл омурун, кучун, акылын жаны муунду окутууга, тарбиялоого жумшаган мугалимдердин пенсиясы биртке болгону... Ал эми омуру мамлекетке сары чака салык толобогон соц.фонддогулардын туугандары ай сайын 10-20 минден пенсия алат... Эч кандай стажы жок бири келип соц.фонддогулардын чонтогуно 1000-2000 сом салып койсо, тиги кишини 5000 сом менен пенсияга чыгарып беришет... Ал эми бутун омурун агартуу тармагына арнаган мугалимдердин пенсиясы 3000-4000 сом
+4
Alibay
2017-11-15 16:50:44
ajdaaar,туура
+1
ajdaaar
2017-11-15 15:38:37
Отунбаевага окшогондордун пенсияларын 5000 сомго тушуруш керек... Ал оз омурундо бир мугалимчелик пайда алып келген жок олкого!!!

Негизи минималдуу пенсия менен максималдуу пенсия колому 3-5 эседен ашпаш керек...

Ал эми бизде бул айырма 80-100 эсеге барат, пенсия колому 1000 сомдон 90-100 мин сомго чейин...

Пенсиялардын колому 3000сомдон 15000 сомго чейин болуш керек, азыркы тапта. 3000 сомго чейинкилерди кобойтуп, 15000сомдон копторун азайтыш керек 15мин сом кылып.
+5
no.comment
2017-11-15 17:17:53
Мен билгенден эн биринчи бейишке кируучулор да ошол, мугалимдер менен дыйкандар
+3
dosym
2017-11-15 18:18:20
Мугалимдердин билимин алып алып ошол бийликке жетип анан аз пенсия бергенинер бул суу ичкен кудукка түкүргөн менен барабар, эх акмактар
+1
motavar
2017-11-15 23:30:05
Пенсиянер мугалимдердин пенсиясын кобойтушсо жаштардан сабак талашпай уйундо олтурушмак.Жаштар да тентип чет жакта журбой иш менен камсыз болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан