Ырчы Айнура Салахидинованын “Аядың неге?” аттуу жаңы ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Гүл Ташкент кызына, обону Руслан Нарынбаевге таандык. Автордун айтымында, ырда улгайып калган аялзатынын мурдагы махабаты тууралуу баяндалат. “Мурда башынан өткөн махабатын эстеп өкүнгөн аялдын ыры. Мындай ыр чыгаруумдун себеби, улуу муундагыларда да убагында сүйүү сезими болгон. Алар дагы башынан өткөн махабатын эстешет. Анан ошондой учурда ырдашсын деген максат менен ырдап чыктым”,- деди Айнура айым.