Борбордогу Михаил Фрунзе атындагы музейден бир канча экспонаттар жана Михаил Фрунзеге таандык буюмдар жоголгон. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлбара Абдыкалыкова тастыктады.
"Бизге 2014-жылы борбордогу жалпы музейлерди текшерүү буйругу түшкөн. Ошондо Михаил Фрунзе атындагы музейден бир канча экспонаттар жок болуп чыккан. Бирок жоголгон буюмдарга өз-өзүнчө акт түзүлгөн экен, анда экспонаттар 1960-1980-жылдар аралыгында жоголгону жазылган. Ага карабастан 2015-жылдан тарта териштирүү иштери жүрүп, ушул жылы кылмыштуу курамдын жоктугуна байланыштуу тергөө токтотулган", - деди ал.
Ал эми аталган музейдин сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Таабалдиеванын айтымында, музейден жалпысынан 104 экспонат жоголгон.
"Мен бул кызматка 2015-жылы келгем. Ошол кезден тарта музейдеги экспонаттарды териштирип, изилдөө иштери жүрө баштаган. Көрсө, буга чейин бир да жолу текшерүүдөн өткөн эмес экен. Жыйынтыгында, 104 буюм-тайым жок болуп чыккан. Анын арасында сааттар, тарыхый сүрөттөр, медалдар жана башка экспонаттар бар. Жоголгон буюмдардын баарынын болбосо да, көбүнүн акт жана түшүндүрмө кагаздары табылган. Натыйжада алар 1960-жылдан 1984-жылга чейин жоголгондугу аныкталган. Мындан улам биз алгач Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылганбыз. Алар бул ишти Биринчи Май РИИБине тапшырышкан. Кийин эсептик палата, каржы полициясы да аралашып, жыйынтык чыкпаган соң ушул жылы тергөө иштерин токтотушкан", - деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Михаил Фрунзе атындагы музейден бир топ буюм-тайымдардын уурдалганы боюнча маалымат тараган.