Сапар Исаков: “2019-жылы өкмөт санарипке өтөт”

Премьер-министр Сапар Исаков 2019-жылы өкмөт толугу менен санарипке өтө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча өтүп жаткан отурумда билдирди.

Өкмөт башчы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча 3 программа бар экенин белгиледи. “Биринчиси, элди таза суу менен камсыз кылуу, экинчиси жаңы сугат жерлерин өнүктүрүү, үчүнчүсү “Таза коом” долбоору аркылуу өкмөт коррупцияны жоёт”, - деди ал.

Учурда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин VI отуруму өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан