Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго: "Досум, мени уят кылбай таза иштеп бер"

"Досум, мени уят кылбай таза иштеп бер", - деп президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоодон жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча өтүп жаткан отурумда билдирди.

Атамбаев өлкөнүн эгемендүүлүгү үчүн жанын бергенге даяр экенин айтты.

"Эгемендүүлүктү сактап калбасак бизди Кудай, урпак кечирбейт. Эгемендүүлүк үчүн жанымды бергенге даярмын. Ар бир Кыргыз жараны эгемендүүлүк үчүн башын курмандыкка чалганга даяр болушу керек. Кыргыз мамлекети дүйнө суктанган өлкөгө айланат. Ошол күндү биз да көрүп калалы. Мени менен иштешкендерге ыраазычылык билдирем", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан