"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жалал-Абад-Балыкчы жолу бардык техникалык стандарттарды сактоо менен курулуп жатат"

"Элдик кабар" рубрикасына окурман Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун курулушу техникалык талаптарга жооп бербестигин айтып сүрөт менен коштолгон билдирүү жөнөткөн.

"Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун сапаттуу салынып жатышынан күмөнүм бар. Анын курулушу кантип жана кандай жолдор менен жүрүп жатканын көзөмөлдөөчү органдар талаптагыдай текшербей жатат. Мен ошол жолдун 338-384-чакырымын куруу учурунда 3 жыл эмгектендим", - деп билдирген окурман.

Ал эми Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолу техникалык стандарттарды сактоо менен сапаттуу курулуп жаткандыгын аталган жолдун курулуш иштерин көзөмөлдөп жаткан туруктуу инженердин жардамчысы Мирислам Жекшеев билдирди.

"2014-жылдын 1-апрелинен баштап салынып жаткан Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолу бардык техникалык стандарттарды сактоо менен курулуп жатат. Ал эми сиздердин кабарыңыздарда жарыяланган сүрөт, Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун 338-384-чакырымынын курулушу жүрүп жатканда, бир жыл мурун тартылган сүрөт. Сүрөттө көргөзүлгөн жерге атайын жол таптоочу каток кирбегендигине байланыштуу, B5 үлгүсүндөгү бетон куюлушу керек. Биз стандарттарга ылайык ошол үлгүдөгү бетонду куюп, анан атайын жол таптоочу каток киргенге мүмкүнчүлүк түзүлгөн соң гана үстүнө шагыл төгүп, төгүлгөн шагылды ар 30 сантиметр сайын таптап көтөргөнбүз. Сапаттуу, стандарттарга ылайык жолдун курулган чакырымын тийиштүү органдар текшерүүгө алып, андан соң өткөзүп алышкан", - дейт Жекшеев.

Мындан тышкары инженердин жардамчысы бул кабар аларга күтүүсүз болгонун жана аталган жол сапаттуу курулуп жаткандыгын дагы бир ирет айтып өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Krai
2017-11-15 14:35:19
Актана бергиле эми
+5
elchi84
2017-11-15 14:46:16
Дагы эмне десин.
+3
Tyty1990
2017-11-15 15:18:27
Мурас ордодо кытайлар менен иштештим. Жол куруу стандартка жооп бербейт. Латокторду ылай топурак менен эле эки четин толтуруп жатышат. Стандарт боюнча астыга шагыл тошолуп анан кум тогулуш керек. Бир кар жааса латоктор отуруп кетет. Эки четин болсо цемент раствор менен толтуруш керек. Кытайлар топурак менен толтуруп бетин эле цементтеп коюшту. Бир кышта кайра бузулат.
+3
Baiko128
2017-11-15 15:38:44
Силер туну менен иштесенер эчаак эле бутуп коймоксунарго
+2
Tynystan7799
2017-11-15 16:16:20
Эртең эле билинет.
+2
Aikyn93
2017-11-16 01:56:05
Кыргызстан жолдору стандартка жооп бербейт каяктагы жомокту айтып жатат.
+1
Maxatbek
2017-11-16 05:14:24
В5 эң сапаты төмөн бетон
+1
ali1995
2017-11-16 19:48:32
Элдик кабардын номерин бергилечи ватсап
0
admin_superstan
2017-11-20 11:53:53
ali1995, +996 557 47-39-39
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан