Ат-Башыда өндүрүлгөн сыр Орусиядагы азык-түлүк жарманкесинде мыкты деп табылды

Орусиянын Новосибирск шаарында өткөн азык-түлүк жарманкесинде Ат-Башы районунда өндүрүлгөн сыр эң мыкты деп табылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына ата мекендик өндүрүш ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Новосибирск шаарында 8-ноябрда башталган "Интерфуд Сибирь 2017" азык-түлүк жарманкесинде Ат-башы районунда өндүрүлгөн сыр калыстар тобунун "Жарманкенин алтын медалы" аттуу сыйлыгына татып, эң мыкты сыр аталды.

"Ат-Башыда өндүрүлгөн балдын артынан эми минтип сыр дагы эң жогорку баага татыды", - деп билдирди Дегенбаев.

Белгилүү болгондой, "Интерфуд Сибирь 2017" жарманкесине Кыргыз өлкөсүнөн 9 азык-түлүк өндүрүүчү ишкана катышкан.

"InterFood Siberia 2017" жарманкеси Орусиядагы эң ири эл аралык азык-түлүк жарманкелеринин бири болуп эсептелет. Бул жарманкеге катышкан өндүрүүчүлөр аз убакыт ичинде өнөктөштөрдү жана товар сатып алуучуларды таба алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
UsenovaAizada
2017-11-15 19:22:19
Ооба аябай жакшы сыр,покупательдер аябай алышат ушу сырды
+2
Jazdyn_tany
2017-11-15 19:37:26
Оо Ат-Башым, менин туулган жеримден жакшы жаңылык!
+5
Ayida
2017-11-15 20:31:01
Сырдын аты не
+2
aselka79
2017-11-15 23:45:47
Сонун жанылык экен! Ишинер илгери болсун! Онугуп, кылган эмгегиндин узурун коргон кандай жакшы. Эми экспортко Россияга алып чыгалык дешсе, кантип чыгышат болду экен? Жолдор болсо жабык. Чек ара маселеси эрте чечилсе экен. Канча ишкерлер, продукциясын откозо албай кыйналууда. Канчалаган камаз топтоп турат. Товарлары орто жолдо. Тунгуюкка токтолдук.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан