"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Токмоктогу тургундун таштандыга толгон батири тазаланып жатат" дейт мэриядан

Токмоктогу тургундун таштандыга толгон батири тазаланып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 15-ноябрда Токмок шаарынын мэриясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургуну үйүнө таштанды топтоп, андан чыккан жагымсыз жыт жана чычкандар ыңгайсыздык жаратып жатканын анын кошунасы "Элдик кабарга" билдирген.

"Бизге 2-ноябрда шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жашоочулары кайрылышкан. Алар тургундардын бири үйүнө таштандыларды топтоп андан чыккан жаман жыт жана таракан, чычкандар алардын үйлөрүн да каптап жатканын айтышкан. Эртеси, 3-ноябрда мэриядан атайын топ уюштурулуп, тургундун батирине бардык. Ал жерде улгайып калган аял кызы менен жашайт экен. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, таштандыны ташыганга унаа бөлүп бергенбиз. Ошол күнү жүк ташыган унаа менен бир жолу таштанды алып чыгышкан. Батирдин ээси дагы деле таштандыны чыгарып бүтө элек экен, тазалоо иштери уланып жатат", - деп билдиришти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nazaroff1974
2017-11-15 20:41:52
Синдром Плюшкина.Орус кемпирлер карыганда сапсим алжып калышат озу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан