"Кумтөр" кенинин тегерегиндеги аскаларды байырлаган аркарлардын саны 2700дөн ашты. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Кеңештин депутаттары менен активисттерине "Кумтөр" кениндеги мөңгүлөрдүн абалын жеринен көрсөтүп жатып айтты.
"Башында бул жерлерде 700дөн ашык аркарлар бар болчу экен. Азыр алардын саны 2700дөн ашыптыр. Жакшы жагы бул жерде аңчылыкка жол берилбегендиги. Булар адамдардан, техникалардан чочубай, үркпөй аралашып жүрө беришет экен. Бул жерде аркарлардан башка да жапайы жаныбарлар көп", - деди Зилалиев.