Ырчы Айнура Салахидинованын “Жар-жар, ай” аттуу жаңы ыры чыкты. Ырдын сөзү Гүл Ташкент кызына таандык, обону Руслан Нарынбаевдики. Айта кетсек, Айнура айымдын буга чейин эле жар-жар тууралуу ыры чыккан болчу. Ал ыр фольклордук жанрда болсо, бул ирет ырчы айым эстрада жанрында, башкача айтканда, үлпөт тоюна ылайыктап жаздырган. “Ыр тойлордо көп ырдалсын деп шаңдуу чыгардым. Текстте үйлөнүп жаткан эки жашка каалоо сөздөрү камтылган”,- деди Айнура айым. Айта кетсек, ырчы учурда чыгармачылыктын үстүндө тынбай иштеп жаткан кези. Жакын арада анын “Төк, жамгыр” аттуу ырынын клиби жарык көрөт.